Баткенде Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди

0
740

Баткенде 9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанат жергиликтүү жетекчилердин “Өчпөс от” эстелигине гүл коюусу менен башталды.

Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына багышталып Куран окулуп,бата кылынды.

Салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап борбордук стадионго барды.

Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков облус жетекчилигинин атынан жалпы Баткен элин Жеңиш майрам менен куттуктады.

Исаков өз сөзүндө “Согушта жана тылда келечегибиз үчүн күрөшкөндөрдүн баатырдык эрдигине терең таазим этебиз. Сиздер мекенди сүйүүнүн, ынтымактыктын жана патриоттуулуктун үлгүсү катары жүрөгүбүздө түбөлүк жашап каласыздар. Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп жараткан элибизди, жерибизди колдоп, эркиндигибиз түбөлүк болсун” деген каалоо тилегин айтты.

Майрамдык иш чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолуп,жалпы элдик сейилдөө менен уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here