Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эмомали Рахмондун куттуктоосунда «Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата менин жылуу куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.
Бул күнү биз ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин, патриоттугун жана баатырдыгын даңазалайбыз, согуш талаасында жана оорукта көптөн күткөн Жеңиш күнүн теңдешсиз эрдиги жана кайраттуулугу менен жакындаткандардын элесин терең ыраазычылык менен баалайбыз.
Убакыт сыноосунан өткөн тажик-кыргыз достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин жана өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем», — деп айтылат.
Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине – бейпил асман, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалады.