Лейлектеги  ызы-чуу эки адамдын өз ара келишпестигинен улам жаралган

0
1183

Маалыматка караганда, 6-май күнү кечке жуук Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү Мурас (Маргун) айылынынын  тургуну менен ошол аймакта кызмат өтөгөн  аскер кызматкеринин ортосунда өз ара пикир келишпестикке  жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлери аралашкан.  Натыйжада чоң чырга айланып кеткен.  Тополоңдо жаракат алып, ооруканага кайрылгандар жок экени маалымдалды.

Кен-Талаа айылдык кенешинин төрайымы Гулмира Турдубаева «Чыр-чатакта жаштар менен бирге жүрүп, аларга түшүндүрүү  иштерин жүргүздүк. Бүгүнкү күндө  абал туруктуу, кооптонууга негиз жок, жаштарга жана алардын ата-энелерине, жергиликтүү  жетекчилер жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин алып барууда», — деди. 

Ошондой эле Кен-Талаа айылынын тургуну, ардактуу эс алуудагы мугалим Жоошбай Каримов окуя болгондон эртеси атайын жыйын өткөнүн ага  Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл өкмөт, аскер жетекчилери, жана ички иштер бөлүмүнун  кызматкерлери  жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгүн маалымдады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here