Быйыл 9-май Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленип жатат. Баткен облусунун аймагынан Улуу Ата Мекендик согушка 20766 жоокер аттанышкан. Анын ичинен 14213ү кайтпай калган, ал эми Улуу Жеңишке жетип, өз мекенине кайткандар 6553. Бүгүнкү күндө тилекке каршы согуш ардагери облуста калган эмес.
Азыркы учурда облустун аймагында тылда эмектенгендердин саны 90 ду түзөт. Мамлекет тарабынан тылдын ардагерлерине ай сайын пенсиясына кошо 1000 сомдон төлөнүп турат. Ошондой эле жыл сайын 9-майда 15 миң сомдон берилээри маалымдалды.