Баткенде китепкананын имараты жок 

0
426

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Баткен облусундагы маданий жайлардан кабар алганда маалым болгон. 

Баткен облустук китепканасы өзүнүн имараты жок болгондуктан, учурда Баткен шаарынын борборундагы мурдагы «Төрт-Гүл» рестораны болуп турган эски имаратта жайгашкан. Ушул тапта облусттук китепкана жаңы, заманбап имаратка муктаж. Баткен шаардык кеңешининин депутаттарынын чечими менен Баткен шаардык мэриясы тарабынан облустук китепкана менен музейди салууга буга чейин 30 сотых жер бөлүнүп берилген. Ага облустук заманбап китепкана жана музей салуу учур талабы.

Ошондой эле министрдин орун басары Айнура Аскарова Кызыл- Кыя шаарында жайгашкан шаардык китепканага жана музейге барып, аталган маданий мекеменин иши менен жакындан таанышты. Кызыл- Кыя шаарындагы музей жана китепкана дагы оңдоп-түзөөгө муктаж. Экөөнү тең толук реконструкциядан өткөрүү керек.

Ушул сыяктуу көйгөйлөрду чечүү боюнча чечимдер көчмө жыйын республиканын аймактарын кыдырып бүткөндөн кийин кабыл алынмакчы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here