Чек арада жашаган аялдардын бизнес пландары колдоого алынат

0
659

Баткен районунун чек арага чектеш айылдардагы аялдар үчүн  “Баарлашуу, ишеним, укук” коомдук фондуну “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорун ишке ашырат. Бул тууралуу аталган фонддун аткаруучу директору Назгүл Алдашова билдирди.

Бул долбоор, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарында “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорун ишке ашырууга киришти.

Долбоордун катышуучуларына өзүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана стресске карата туруктуулук боюнча психологиялык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары аялдардын лидерлиги: натыйжалуу коммуникация көндүмдөрү, медиа, каржы жана маалыматтык сабаттуулук, аялдардын чечим кабыл алуу процессине катышуу механизмдери боюнча окутуулар өткөрүлөт. Ошондой эле, бизнес планы жактырылган болсо керектүү жабдыктар сатып алып берилет.

 Автор: Кудайберди Дуйшоев 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here