Кызыл-Дөң кварталында жаңы жол ачылат

0
616

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша жай участкасында жашоочулар тарабынан тосулган мыйзамсыз тосмолор алынды. Бул участкада Курбанбек Орозов көчөсүнөн Тамаша жай участкасына өтүүчү жол ачылат.

Мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти билдиргендей, мыйзамды бузуп жер тилкесин чоңойтуп алган жарандарга буга чейин эскертүү берилген. Ошондой эле жашоочуларга, тосуп алган жерлерди кайтаруу сунушталган.

Аталган участкада унаалар жүрүүчү чоң жол салынып, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Кызыл-Дөң кварталынын башчысы Гулнара Темирбаева  билдирди.

Ошондой эле 275 орундуу мектеп жана балдар бакчасы курулат. Мындай аракет альтернативдүү жол пайда болуусу, шаар ичиндеги жол тыгынын азаюусуна мүмкүнчүлүк түзүөт.

Автор: Айжамал Амирова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here