Баткенде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн ишкердиги текшерилди 

0
3877

Кечээ 3-май күнү Президентинин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев  Баткен шаарынын жана Баткен районунун бир топ тургундарынын өткөн жылда «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында 100миң сомдон алган үй-бүлөлөргө барып, алардын баштаган ишкердигин текшерди. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы билдирди. 

Социалдык контракт алган үй-бүлөлөр үй шартында кондитердик цех, азык түлүк дүкөнү, тез татым ачып, бут кийим саткан айымдар, бул долбоор алардын турмуш шартын жакшыртуу максаттарын ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүк болгонун, үй бүлөлүк кирешесин жогорулатып жаткандыгын белгилешти.

Белгилей кетсек,2022-жылы  Баткен облусу боюнча 222 үй бүлө 100миң сомдук социалдык жардам берилген.

Ал эми 2023-жылы бул жардам  1097 үй-бүлөгө каралган болсо, учурда 1021 үй-бүлөгө каражат берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here