Казакстанда жай айларында калк үчүн электр энергиясынын баасы жогорулайт

0
335

Бул тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди.

Анын айтымында, тарифтерди болжол менен июнь-июль айларында энерго өндүрүүчү уюмдардын эсебинен жогорулатуу пландалууда.

Ошол эле маалда министр тарифтер канча пайызга көтөрүлөрүн тактап айткан жок. Тарифтер аймактарга жараша болот. 

Министр тарифтерди эскилиги жеткен түйүндөрдү модернизациялап, бул тармакта иштеген жумушчулардын айлыктарын көтөрүү үчүн жогорулатуу пландап жатканын айтты.

Казак өкмөтү айдын башында күйүүчү майга болгон бааны да көтөрүү ниетин билдирген. Энергетика министрлиги алгач бензин баасын 11%, дизелдикин 20% жогорулатуу чечимин кабыл алган. Мекеме бул чечимин күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгын алдын алуу чарасы менен түшүндүргөн.

Андан соң Энергетика министрлиги Алматыда жана бир нече башка аймактарда автогаздын баасын көтөрүү планы жөнүндө билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here