Тажикстандыктар интернеттин сапатына нааразы

0
600

Өткөн аптада тажик парламенттин төмөнкү палатасында интернеттин сапаты талкууланган. Байланыш кызматынын башчысынын орун басары Илхом Атоев атайын штаб түзүлгөнүн, өлкөдө интернеттин ылдамдыгы 100 гб/с жогорулаганын билдирген.

Былтыр декабрда өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон парламентке жолдогон кайрылуусунда интернеттин абалын сынга алган. 

Рахмон өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматына мобилдик операторлор жана интернет-провайдерлер менен чогуу 

интернеттин сапатын жакшыртууга, баасын төмөндөтүүгө багытталган чараларды кабыл алууну тапшырган.

Адистердин айтымында, Рахмондун тапшырмасы төрт ай мурун берилгенине карабай, интернеттин абалы жакшырган жок.

Парламентчилер интернеттин ылдамдыгы аймактарда эмес, борбор каала Душанбеде да төмөн бойдон калып жатканына нааразы болушкан. Алар айрым учурда чет өлкөлөрдө жашаган туугандары менен мессенжер аркылуу байланышууга да мүмкүн болбой калып жатканын айтышкан.

“Тажиктелеком” компаниясы Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматына таандык. 2018-жылдан бери Интернетти Тажикстанга жеткирген жалгыз компания болуп эсептелет.

Расмий маалыматка караганда, бул өлкөдө интернет колдонуучуларынын саны 4,2 млн. кишини түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here