Кара-Булакта пилоттук негизде  “Тазалык” ишканасы ачылды

0
334

Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде   “Тазалык” ишканасын ачуу демилгеси   облуста биринчи  болуп Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында ишке ашты. Бул тууралуу облусттук администрациянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананы колдоо үчүн жергиликтүү бийликтин казынасынан 300миң сом бөлүнүп берилген. 

Учурда ишканага жетекчи болуп дайындалган  Жумабай Осмонов өздүк салым катары өзүнүн жеке унаасын таштанды жыйноо үчүн пайдаланууда. 

Өзүн өзү каржылоо багытында ачылган ишкана, алдыда жумушчулардын санын көбөйтүүнү пландоодо. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here