Баткенде УКМК кызматкери милицияны ур-токмокко алган

0
488

Баткенде УКМК кызматкери милицияны ур-токмокко алган. Учурда милиция ооруканада. Бул тууралуу Баткен ОИИБныни басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Ушул жылдын 24-апрелинде саат болжол менен 00:15 чамасында Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында бир нерсе күйүп жаткандыгы боюнча маалымат түшүп,аталган жерге Баткен РИИБдин аймактык тескөөчүсү окуяны текшерүү үчүн барат. Чек айылындагы каналдын жээгинде  УКМКнын Баткен областы боюнча башкармалыгынын эсепчиси ага лейтенант Б.Т.  Чек айылынын тургундары 37 жаштагы Д.Ж. жана 38 жаштагы С.К. спирт ичимдигин ичип алган абалда “Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү унаасынын музыкасын катуу коюп алып отурушкандыгын көрүп, тартипти сактоого чакырганда милициянын аймактык тескөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен ага лейтенантты, мас абалында аймактык тескөөчүнү бир сүзүп, үстүндөгү кийген формасын жыртып, айдап барган автоунаасынын ачкычын алып бекитип койгон.

Бул окуя боюнча Баткен РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, үч жаран кармалып, аймактык ооруканадан спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.

“Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү унаасы айып төлөөчү жайга киргизген. Ал эми жабырланган аймактык тескөөчү Баткен шаарындагы аймактык ооруканасына жаткырылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул факт боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here