Баткенде маданий-тарыхый музейдин курулушу башталды

0
493

Баткен районунун Кара-Булак айылында 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Салам Медиага  облусттук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда,Музейге мамлекеттик казынадан 22 мдн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.   

Эске салсак, Кара-Булак айылында  археологдордун изилдөөсүнө ылайык  биздин замандын II-IV-кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Аталган көрүстөндө мумияланган келиндин табыты табылган.

Бул тарыхты сактоо үчүн 1984-жылы  “Мектеп музей” түзүлгөн. Ал эми 1992-жылы  “Элдик музей” наамы ыйгарылган. 

Элдик музейде 2885 экспонаттар бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here