Баткендин тогуз мектеби “Жооптуу Бол!”сынагында байгелүү орундарга ээ болду

0
901

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча долбоору «Жооптуу бол!» конкурсунун алкагында Баткен облусунун 9 мектеби байгелер менен сыйланды. Бул тууралуу кабарчыбыз Кудайберди Дуйшоев жеринен кабарлады.

Маалыматка ылайык,  аталган сынак үстүбүздөгү жылдын 13-февралынан тарта  13-мартка чейин уланган. Долбоордун алкагында мектеп окуучулары жергиликтүү медициналык мекемелерге 18 жаштан жогорку эркек туугандарын алып келүүгө милдеттүү болчу. Эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттар бөлүнгөн. Жалпысынан бул акциянын жүрүшүндө Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусттарында 127 000ден ашык эркек киши медициналык кароодон өткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here