Баткенде жол эрежесин бузган миңден ашуун айдоочуга протокол толтурулду

0
774

Баткен шаарында акыркы 3 ай ичинде 5 жол кырсыгы катталган. Анын эң оору Кызыл-Жол кварталында болгон. Кырсык 1 жаш бала жана айдоочунун өлүмү менен коштолгон. Бул тууралуу ШИИБнын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Аскар Токоев билдирди.

Жалпысынан акыркы 3 ай аралыгында 1379 айдоочуга мыйзам бузгандыгы үчүн протокол толтурулган.

Автоунаа кырсыктарын азайтуу максатында өлкөдө жол эрежесин бузган айдоочуларга март айынан тарта катаал жаза колдонула баштаган. Мындан ары жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө 5 миң 500 сом айып пул салынат.

— Унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса —  15 миң сом;

— Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — 7 миң 500 сом;

— Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурда 15 миң сом;

— Каршы тилкеге чыгып айдаса -15 миң сом;

— Унаа бейбаштыгы — 15 миң сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

— Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт;

— Бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат;

— Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;

— Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here