Окуучулар медиасабаттуу болууну үйрөнүштү

0
406

“Салам Медиа” Баткен районундагы чек арада жайгашкан 3 айылда окуучулар үчүн “Медиасабаттулук” темасында окууларды өткөрдү. Андан сырткары смартфон аркылуу видео тартууну жана аны монтаждоону үйрөнүштү.

Баткен районунун  Үч-Дөбө айылындагы «Үч-Дөбө», Ак-Татырдагы  «Тургунбай Садыков» жана Орто-Боздогу «Жолдошбай Момунов» атындагы орто мектептеринен семинарга 150дөй окуучулары катышты.

Алар маалыматтын түрлөрү, фейк маалыматтарды аныктоо, интернет шылуунчулук, социалдык тармактардагы маалыматтарды текшерүү боюнча көндүмдөрдү үйрөнүштү. Ошондой эле, окуучулар практика жүзүндө өздөрү смартфондон тартып аны монтаждашты.

Бул долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонд жетектеген консорциум тарабынан жана “БИОМ” экологиялык кыймылы” улуттук өнөктөшү (Кыргызстан) менен бирге ишке ашырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here