Москвада «Көчмөндөр цивилизациясы» музейи ачылды

0
346

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен Москва шаарындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинде «Көчмөндөр цивилизациясы» музейинин салтанаттуу ачылышы өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, музей ушул жылы март айында Москва шаарында өткөн кыргыз-орус аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган меморандумга ылайык уюштурулду.

«Анын максаты кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын, көчмөн маданиятын жайылтуу, маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу мекендештерге жана башка элдердин кызыккан өкүлдөрүнө таанытуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

«Көчмөндөр цивилизациясы» музейинин башкы экспонаты – ичи толук жасалгаланган кыргыз боз үйү. Музейдин жетекчиси «Боз үй дайым биз менен» долбоорунун автору – кыргыз диаспорасынын активисти Дамира Казакпаева.

«Көчмөндөр цивилизациясы» музейинде маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экскурсиялар, «чий курчак» улуттук куурчактарын жасоо боюнча мастер-класстар, тематикалык көргөзмөлөр жана башка билим берүү жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here