Баткенде милиция кызматкерлери электрондук документ жүгүртүүнү үйрөнүшүүдө

0
421

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткендеги милиция кызматкерлери электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча атайын окуулардан өтүшүүдө.

ИИМдин Катчылыгынан адистер облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө өздүк курамга окутууларды өткөрүп, практикалык усулдарды көргөзүүдө.

Белгилей кетсек, окутуу КР президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активтештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын, ошондой эле Ички иштер министрлигинин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында уюштурулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here