Казакстанда суюлтулган газ үч ай ичинде кымбаттайт

0
646

Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиев билдирди.

– Ушул тапта баа аймактарда ар түрдүү. Башында өтө кымбаттап кетет деп ойлобойм – 5-10 теңеге көтөрүлөт. Бирок кийин өзүнүн кунун актай турган баа коюлат. Азыр суюлтулган газдын өздүк наркы 70 теңге болгону менен 50 теңгеден сатылып жатат, – деди Саткалиев.

3-апрелде Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%, дизелдикин 20% көтөрүү чечимин кабыл алган. Анда бул чечим күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу чарасы катары түшүндүрүлгөн. Мекеме тартыштыктын негизги фактору катары транзиттик автотранспортту жана коңшу өлкөлөргө көмүскө экспорт көбөйгөнүн атаган. 

Казакстандын Улуттук банкы күйүүчү майдын кымбаттоосу инфляцияны күчөтөрүн моюнга алып, бирок өкмөттүн чечимин колдогон. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here