Чек ара кызматы “Ар бир чек арачыга бирден китеп” акциясын жарыялайт

0
799

Бул тууралуу “Салам Медиага” УКМК чек ара кызматынын Баткендеги өкүлчүлүгү маалым кылды.

“Эл аралык китеп күнүнө” өтүп жаткан бул акциянын максаты — ар түрдүү жанрдагы китептерди чогултуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын бардык периметрлери боюнча алыскы жана тоолуу чек ара заставаларында кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына өткөрүп берүү.

Китеп топтоо 24-25-апрель күндөрү жүрөт. Жарандар каалаган китебин төмөндөгү топтоо пунктарына алып келсе болот:

Баткен облусу:

Баткен шаары — А.Жайнаков атындагы маданият үйү;

Раззаков шаары — Манас-Ата көчөсү №1 — Райондук борбордук китепканасы;

Айдаркен шаары — шаардык маданият үйү.

 

Ош облусу:

С.Ибраев атындагы драмтеатр;

Ош шаардык китепкана;

Курманжан көчөсү №211 — облустук китепкана;

А. Масалиев көчөсү №24/1 — Ак-Кеме соода борбору.

 

Нарын облусу:

Нарын шаары — С.Орозбаков атындагы облустук китепканасы;

С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин илимий китепканасы.

 

Жалал-Абад облусу:

Шамалды-Сай шаарчасы Ленин көчөсү №26 — Ш. Отобаев атындагы маданият үйү;

Ала-Бука району, Ала-Бука айылы Ибраимов көчөсү №78 —   Ш. Жоробеков атындагы маданият үйү.

Жалал-Абад шаары,  «Кыргыз Республикасы» көчөсү №102/30 — Т.Тыныбеков атындагы филармония.

 

Ысык-Көл облусу:

Кара-Кол шаары, Абдрахманов көчөсү №146 — шаардык китепкананын филиалы;

Орозбеков көчөсү №103 — Ленин орто мектеби;

Балыкчы шаары, Кулакунова көчөсү — эски базар.

 

Талас облусу:

Бердике Баатыр көчөсү №295 — шаардык балдар музыкалык мектеби.

 

Бишкек шаары:

“Ала-Арча” соода борбору:

“Asia-Mall” соода борбору;

Аламедин базары (Соода борбору);

Адамедин-1 (“Чынар” соода борбору)

«Кожомкул» атындагы спорт сарайы;

 “ГУМ” соода борбору;

Ош базары (соода борбору).

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here