Баткен облусунун аймагында жыл башынан бери кызамык илдетине 12 бала чылдыккан. Анын төртөө Баткен районунда, бешөө Кызыл-Кыя шаарында, үчөө Кадамжай районунда катталган. Бул тууралуу Салам Медиага Баткен райондор аралык сан-эпид көзөмөл
борборунун башкы дарыгери Асель Кошбаева билдирди.