Орозо айт майрамында милиция тынчтыкты камсыздап берет

0
355

Баткенде бүгүн Орозо айт майрамына карата Баткен ОИИБнын жетекчилиги гарнизондук кароо өткөрдү. Ар бир кызматкердин кийген формалары, алып жүргөн күбөлүктөрү бир катар текшерүүдөн өттү.

Бул саптык кароо майрам алдында коомдук тартипти сактоо, майрамга карата кызматкерлердин даярдыктарын текшерүү, майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулду. 

Облус аймагындагы Орозо айт намазы окулчу 130 мечитте жарандардын коопсуздугун сактоо, ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу максатында тийиштүү кызматкерлер кызмат өтөө жагы айтылды. Эске сала кетсек эртен 21-апрель  ороза айт намазы жума намазы окулуп жүргөн мечиттерде окулмай болгон. Баткенде эрте мененки саат 6 дан баштап баяндар айтылып, куттуктоолордон соң 7:30 да айт намазы  окулат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here