Бүгүн 21-апрелде Кыргызстандыктар Орозо Айт майрамын белгиленип жатышат

0
617

Бул майрамга карата Айт намаздары өлкөнүн баардык мечиттеринде жана чоң шаарларда, район борборлорунда ачык асман алдында аянттарда, атайын ажыратылган жерлерде окулду.

Өлкө Президенти Садыр Жапаров баардык Кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал куттуктоосунда орозо кармагандарга каалоо айтты жана жалпы журттун ытнчтыгын тиледи: “Мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы — Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!

Аруу тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз ишке ашсын.

Бүтүндөй Кыргызстан элине, ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакыт, тынччылык жана бакубат жашоо каалайм.” деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here