Кадамжайдын 30 жаштагы тургуну алдамчылыкка айыпталууда

0
786

Кадамжай районунун Майдан айылынын 46 жаштагы жашоочусунун унаасын 130 мин сомго баалашып, акчасын бир жумада кайтарууну убадалап изин жашырып кеткен Миң-Чынарайылынын 30 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Салам Медиага Облусттук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Бул факты боюнча жабырлануучунун арызынын негизинде  кылмыш жаза кодексинин “Алдамчылык”  беренеси менен  сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алдап кеткен жаранга издөө иши ачылган.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын 30 жаштагы аттуу тургуну аныкталып, Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектешкен аймактан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, “Деу-Тико” автоунаасы кайтарылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here