Баткендик аялдарга ишкердикти баштоого грант берилет

0
348

Баткен районунуда “Баарлашуу, ишеним, укук” коомдук бирикмеси чек ара аймактарында жашаган 16 баткендик айымга ишкердикти баштоого көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак, Суу-Башы жана Төрт-Гүл айыл аймактарында ишке ашырылат. Алгач чек ара аймактарында жашаган 20 аял тандалып, алардын эң мыкты деп тандалган бизнес-планы бар 16 катышуучунун ар бирине кайтарымсыз 540 евро өлчөмүндө грант менен жабдуулар берилет.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында мигранттардын балдары менен иш жүргүзүлөт жана 8 пилоттук мектептин социалдык педагогдору жана мугалимдери балдардын психологиясын окуп үйрөнүшөт.

Белгилей кетсек, долбоор Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here