Баткенде “Аялдардын өз ара жардамдашуу мезгили келди”, аталыштагы конференция өттү

0
911

Баткен облусунда коомдогу аялдардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган айымдардын катышуусунда “Өз ара жардамдашуу мезгили” аталышындагы облустук конференция болуп өттү.

Конференция Баткен облусунун айымдарынын ишкердик, экономикалык, саясий, лидерлик жөндөмдөрүн арттырууга жана өнүгүүсүнө өз ара жардамдашуу максатында уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова сөз сүйлөп, азыркы коомдогу аялдардын ролу, ар бир аял затынын, өзүнүн инсандык потенциалын жогорулатуу коомдо өз ордун табуу аракеттери жана ийгиликтер жана тоскоолдуктар тууралуу сөз сүйлөп, катышуучулар тарабынан аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуш пикирлер айтылып, талкуу болду.

 

 

Конференция пандемия шартында, бардык санитардык нормаларды жана арлыкты сактоо менен өткөрүлдү.

 

Конференция соңунда  катышуучулар тарабынан биргелешип аракеттенүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташуу боюнча резолюция кабыл алынды.

 

Бул күну облустагы 16  ишкер айымга ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here