Кызыл-Кыя ооруканасында заманбап шарттуу бөлүмдөр ачылды

0
708

Кечээ 16-мартта Кызыл-Кыя шаарынын борбордук ооруканасында элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү жолго коюу максатында алты керебеттүү жандандыруу бөлүмү ачылып пайдаланууга берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңы ачылган операциялык блок СанПИНдин бардык талаптарына ылайык жасалган.

Жаны бөлүмдө хирургиялык, травматологиялык жана урологиялык болуп өзүнчө беш операциялык бөлүмдөр ачылды.

Урологиялык багытта операция жасоо бөлүмүндөгү универсалдуу лапроскопиялык аппарат бейтаптарга женил мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мында дарыгерлер кеспей туруп, операцияны жасай алат жана бейтаптын ооруканада узак убакытка жатууга зарылчылыгы жаралбайт. Ошондой эле урология жана гинекология, хирургиялык багытта колдонууга болот.

Андан сырткары, жүрөк-кан тамыр ооруларынын дартын аныктоо үчүн заманбап үлгүдөгү ЭХО-УЗИ-аппараты алынып, ишке киргизилди.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here