Чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

0
1151

Кадамжайда мамлекеттик кайтарууда турган чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп келип жүргөн жаран кармалды.Облустук милициянын маалыматына таянсак, Өзбек Республикасынын 51 жаштагы тургуну Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, кыргыз өлкөсүндө жашап, иштеп жүргөндүгү аныкталган.

Бугүнкү күндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here