Кызыл-Кыя шаарына үч өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды

0
567

Кечээ, 16-март күнү Кызыл-Кыя шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген атайын кызматтык жана өрт өчүрүүчү автоунаалар берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бир автобус жана үч даана акыркы үлгүдөгү өрт өчүрүүчү техникалар Кызыл-Кыя шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылды. Орусия жана Кытайдан келген адистештирилген техникалар бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын 100% га жанылады-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле заманбап шаймандар менен кошо куткаруучулардын атайын коргонуучу кийимдери да бар.

Мындан ары өрт өчүрүүчүлөр өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жана сапаттуу куткаруу иштерин алып барууда көйгөйлөр жаралбайт дешет адистер.

Белгилей кетсек, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына 14-мартта 14 өрт өчүрүүчү унаа жана 1 куткаруу унаасы тапшырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here