Баткен шаары жана районунда 400 үй-бүлөгө социалдык контракт берилет. Бул тууралуу 14-мартта Баткен шаарында «Социалдык контракт» долбоору боюнча жыйында айтылды.
Белгилей кетсек, Баткен шаарында өткөн жылы жалпы 11 жаран долбоор жазып «Социалдык келишим» боюнча 100 миң сом кайтарымсыз грант алышкан. Каражаттар бизнес-пландарда белгиленген өз бизнесин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алууга жумшалган.
Долбоордун катышуучулары кайтарымсыз грант алып, тигүүчүлүк боюнча 3 үй-бүлө ишмердүүлүгүн жакшырткан. Ал эми 3 үй-бүлө тез татым ачып, үй бүлөсүнө кошумча киреше алып келүүдө. Ошондой эле асыл тукум койлорду, уйларды багуу боюнча долбоорлорун сунуштап, 3 үй-бүлө эт багытында мал багууда, дагы 2 үй-бүлө сүт багытындагы асыл тукум бодо малдарды сатып алып, кошумча киреше табышууда.