Лейлек районунун Раззаков шаардык мэриясы быйыл көрктөндүрүү иштерине жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом жумшайт. Бул тууралуу “Салам Медиага” шаардык мэриянын Курулуш коммуналдык суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Шайырбек Жумагулов билдирди.
Анын айтымында, шаардын борбордук көчөлөрүн,парктарын көрктөндүрүү, гүл отургузуу иштерине 7-мартта тендер өттү.