Бүгүн 14-мартта Баткен шаарында 14 өрт өчүрүүчү унаа жана 1 куткаруу унаасы тапшырылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган техникаларды тапшыруу аземге Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө жана ӨКМдин кызматкерлеринин мыкты кызмат өтөөсүнө тилектештигин билдирди.
Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алып келинген техникалар алдыдагы күндөрү облус элине кызмат көрсөтө баштайт -деп белгиленет маалыматта.
Эске салсак, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы да 4 өрт өчүрүүчү авто унаа жана жүргүнчүлөр үчүн 6 автобус алып келинген.