Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүчү Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын дээрлик 600 тургуну 2 мобилдик топтун жардамы менен Калкты тейлөө борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланды.
Бул багытта шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан мобилдик топтор түзүлгөн.
Натыйжада жарандар биометрикалык каттоодон өтүүдө, паспорт алмаштырууга документтерди берүүдө, туруктуу жашаган жери боюнча каттоодо, булуттук электрондук кол тамга алууда кыйынчылыктары четтетилди.
Мобилдик топтор 4-10-март күндөрү аталган айыл аймактарда болушту.
Мобилдик топтордун жардамы менен 2 адам биометрикалык каттоодон өттү, 45и – паспорт алмаштырууга документтерди тапшырды, 91и – жашаган жери боюнча катталды, 2өө – ПИН алды, республиканын 577 жараны булуттук электрондук кол тамга алды. Калкты тейлөө борбору бардыгы болуп 720 кызмат көрсөттү.
Жергиликтүү тургундарга алдыдагы шайлоо жөнүндө, айрыкча электрондук түрдө добуш берүү боюнча маалымат, кеңеш берилди.