Былтыр Баткенде балдар арасында кылмыштуулук эки эсе көбөйгөн

0
1269

Бул тууралуу “Салам Медиага” облусттук прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Салимбек Бапов билдирди.

Баповдун айтымында, облус аймагында 2021-жылы балдар арасында 46 кылмыш жасалган болсо, 2022-жылы 108 кылмыш катталып, эки эсеге көбөйгөн. Анын ичинен көпчүлүгү уурулук болгон.

Ал эми жаш балдарга карата чоңдор тарабынан жасалган кылмыш 2021- жылы 37, 2022-жылы 40 кылмыш жасалган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча былтыр эки кылмыш иши козголгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here