KOICA менен Баткен айыл чарба багытында кызматташат

0
548

«Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Гуд Нейборс Интернешнл” эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жолукту.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, жолугушууда негизинен облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү талкууланып, эки тараптуу кызматташуу сүйлөшүлдү.
Тараптар биргелешкен аракеттердин аркасында жаңы долбоорлор жана пландар жогорку сапатта ишке ашырылып, келечекте жемиштүү жана ийгиликтүү болооруна ишеничин билдиришти.

Белгилей кетсек, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) 2015-жылдан бери Баткен облусунун аймагында көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келе жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here