Уурдалган мал ээсине кайтарылды

0
2594

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 54 жаштагы тургуну өзүнүн жашаган үйүндөгү короосунан 2023-жылдын 2-мартынан 3-мартына караган түнү белгисиз адамдар тарабынан базар баасы 70миң сомдук бир баш бодо малы уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында , Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынан кылмышка шектүү катары үч тургун кармалып, уурдалган бодо мал өз ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here