Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн медресе аныкталды.Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дин өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылына барып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окутуу жайды текшерүүгө алганда, эч кандай уруксат кагазы жок болуп чыккан.
Аталган медреседе Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунан келген 40ка жакын балдар мекемеде жатып, мыйзамсыз диний сабактарды окуп жаткандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча тергөөгө амалдары жүргүзүлүүдө.