Жергиликтүү тургундарга жана ишкерлерге ККМ аппартты боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен районунун Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери салык кызматкерлери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасында айыл тургундарына жана соода сатык жайларынын ээлерине ККМ аппараттарын орнотуу жөнүндө түшүндүрүү иш -чараларын жүргүзүштү.
Учурда Баткен районунун аймагында 223 ККМ аппараты орнотулган-деп айтылат маалыматта.