Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаадан жалпы баасы 500 миң сомдон ашык Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал унаа Лейлек районунан чыгып Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.