Кыргызгидромет борбору 15-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Баткен облусунда10-11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
12-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
13-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.