Кургак учуктан айыкса болот: Дарылоо акысыз

0
1110

Коомчулукта кургак учук оорусу менен жабыркагандар даарыланып, илдеттен айыккандар арбын экени белгилүү.

Ошол эле учурда дарылануусун аягына чыкпай, даарыны ичпей, кайдыгер мамиле жасаган, жада калса абалы бир аз жакшырган соң, миграцияга кетип калгандар бар дейт-дарыгерлер. Биз бул багытта кургак учуктун  келип чыгуу себептери,  жугуу жолдору, дарылоо, бейтаптардын жоопкерчилиги жана бул багытта Баткен облусундагы абал боюнча, аймактагы тийиштүү адистерден маалымат алдык.

Баткен облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун бөлүм башчысы-дарыгер Мирбек Касымов, кургак учук менен ооруп калуу ар бир адамдын иммунитетинен көз каранды-деп белгилейт. Кургак учуктан көбүнчө адамдын өпкөсү жабыркайт.

Дарыгер оорунун жугуу жолдору, аны дарылоо боюнча айтып берди.

Кургак учуктун белгилери

1.Эки жума бою жөтөл

2.Какырыктын чыгышы

3. Дене табынын көтөрүлүшү

4. Чыйрыгуу, түнкүсүн көп тердөө

Сүрөттө: Мирбек Касымов

5. Бат чарчоо, булчуңдардын талыгуусу

6. Арыктоо

Кургак учук төмөнкү шарттарда жугат

Аба аркылуу

Оорулунун чүчкүрүгү, шилекейи, какырыгы

Тамак-аш аркылуу

Тиричилик боюмдары аркылуу

Бейтаптар үй шартында дарыланса  болот

Кургак учукту дарылоо толук түрдө акысыз жүргүзүлөт. Бул илдеттен айыгуу үчүн сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлүндө болуу шарт.

Дарылоо үчүн бейтапка  бактерияга каршы  дары дармектер  берилет.

Кургак учук менен жабыркаган бейтаптар 6 айдан 24 айга чейин дарылануусу керек, бирок бул дегени эки жыл бою ооруканада жатат деген маанини бербейт.

Айрым бейтаптарда оору эрте аныкталса, оорусу жугуштуу болбосо, алар ооруканага жаткырылбайт. Үй-шартында дары ичүү менен эле дарыланса болот. Негизи ар бир бейтаптын дарылануусу анын оорусунун деңгээлине жараша болот.

Акыркы клиникалык протоколдогу өзгөрүүлөр боюнча, кургак учуктун дарыга туруктуу формасына  ар 15 күндө какырыгы текшерилет.  Эгерде бейтаптын анализи оң чыгып, абалы бир топ жакшырса, амблатордук этапка өтөт. Калган дарылануусун аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлеринин көзөмөлү менен, үй шартында  уланта алат.

Бейтаптарга моралдык, материалдык колдоолор көрсөтүлөт

Аймакта бул оору менен ооруган жарандар дарылануунун убактысы узак болгондуктан дарылануудан баш тарткандар жок эмес. Анткени бейтаптар адатта моралдык-психологиялык  жактан жардамга муктаж болушат. Ошол эле учурда узак убакыт бою дарыланган бейтаптар, убактылуу иштебей, материалдык жактан да муктаждыктары жаралат. Мындай учурда Кызыл-Ай коомунун “Кургак учукту бирге жеңебиз” долбоору жардам көрсөтөт.

Аталган долбоордун Баткен облусундагы координатору Жыргалбек Мадумаровдун айтымында узак убакыт бою дары дармек ичүүгө чыдабаган бейтаптар  дарыланууну улантпай калган учурлар болот. Андай учурларда Кызыл-Ай коомунун аталган долбоорунун адистери бейтаптар менен иштеп, тыкыр көзөмөлгө алышат.

 

“Кээде дарыгерлерди укпай дарылануусун токтотуп койгон бейтаптар болот. Мындай учурда  бейтапка психологиялык жардам көрсөтүп аны дарылануусуна кайтарып келебиз. Ошондой эле  бир айда бир жолу азык-түлүк баштыгыбыз  берилет. Себеби ишин таштап, дарыланып жаткан адам материалдык жактан кыйналып калат, ошондуктан биз ушундай жардамдарды көрсөтүп турабыз»-дейт Жыргалбек Мадумаров

 

                                                                                             Сүрөттө: Жыргалбек Мадумаров               

Оору азайган менен өлүмгө жеткирген учурлар бар

Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Жеңишбек Шариповдун айтымында, облуста кургак учук оорусу боюнча абал өткөн жылы, 2021-жылга салыштырмалуу туруктуу деп бааланды.

 

“Облуста  2021-жылы кургак учук боюнча 259 учур катталса, 2022-жылы 235 учур катталган. Ал эми оорудан  2021-жылы 9 киши көз жумса, 2022- жылы 5 киши каза тапкан. Учурда ооруканабызда 25 бейтап дарыланып жатат. Алар кургак учуктун ачык түрү, оор жана дарыга туруктуу турлөрү менен ооругандар”-деп билдирди Шарипов.

 

Сүрөттө: Жеңишбек Шарипов

Шариповдун маалыматына таянсак, Кыргызстанда кургак учукту жуктургандардын саны 2021-жылы 100 миң кишиден 58 кишиге туура келген болсо, бул илдеттен каза тапкандардын саны 100 миң кишиден үч кишиге туура келет. Ал эми ошол жылы 3891 учур катталган.

Дарыгерлер, кургак учук таякчасы ар бир адамдын организминде бар экенин белгилешет. Бул оору эгер адамдын иммунитети күчтүү болсо эч качан козголбошу мүмкүн. Ошол себептен ар бир адам ден соолугуна кам көрүп, туура тамактанып, убагында жана жетиштүү уктап, стресстен алыс болуп, жашоонун сапатын жакшыртыш үчүн  денени чыңдоого   көңүл бурушу  керек- деп кеңеш беришет.

#Ооба! Биз кургак учукту токтото алабыз.

Автор:  Нурпейил Ашур кызы

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here