2022-жылы Баткен облусунун 1693 жараны саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып, бекер дарыланып чыгышкан.
Бул тууралуу 6-мартта өткөн Саламаттык сактоо министрлигинин жумалык жыйынында айтылды.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча мамлекет тарабынан бир катар колдоолор белгиленген.
Ага ылайык, амбулатордук деңгээлде рентгенден, УЗИден өтүү акысыз көрсөтүлөт, ал эми ооруканага жатып дарыланууда 50% жеңилдик берилет.
Ал эми ушул жылдын башынан бери Баткен облусунун 764 тургуну республиканын аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып, бекер дарыланып чыгышкан. Анын ичинен 390 адам улуттук ооруканаларга жаткызылып, тийиштүү дарылануудан өтүшкөн:
— Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында – 99 адам;
— Курортология институтунун базасында – 95 адам;
— Улуттук Госпиталда – 112 адам,
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 37;
— Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунда – 47 бала дарыланып чыгышкан.