Баткен жана Кадамжай райондорунда эки күн электр жарыгы өчүрүлөт

0
1423

9-10-март күндөрү Баткен жана Кадамжай райондорунун айрым айылдарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу Салам Медиага Баткен электр тармактар ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарык Баткен районунун Кара-Бак, Төрт-гүл жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнө караштуу айылдарда, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда эрте мененки саат 8:00дөн 17:00гө чейин өчөт

Электр жарыгынын өчүү себебин, кезектеги оңдоп түзөө жумуштары аткарыла тургандыгына байланыштуу деп билдиришти аталган мекемеден.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here