Баткенде айымдардын воллейбол беттеши өтөт

0
928

Баткенде 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата воллейбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу  Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 7-март күнү Баткен шаарында өтөт. Мелдешке Баткен шаарындагы бардык каалоочу командалар катыша алат. Команданын курамы 30 жаштан жогорку курактагылар болушу керек.Ал эми 30 жашка чейинки курактагы 2 оюнчуга гана команданын курамына кирүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле командалардын бирдей спорттук кийими болуусу керек.
Катышуучу командалардын билдирмеси, дарыгердин колу жана мөөрү менен 7-март күнү саат 9:00дөн 10:00гө чейин калыстар тобуна тапшырылат. Ошондой эле билдирмеде көрсөтүлгөн оюнчулар гана мелдешке катыша алат.

Чүчү кулак саат 10:00дө башталат. Мелдеш Баткен шаардык мэриясы тарабынан каржыланат. Мелдешке келип, кетүү, жатакана жана тамак-аш үчүн чыгымдар ар бир команданын өз эсебинен жүргүзүлөт-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here