Кант диабети менен жабыркаган балдардын саны өсүүдө

0
878

Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эндокринолог дарыгери Гүлмира Асанова билдирди.

Асанованын айтымында кант диабетине чалдыккан 16 жашка чейинки балдар оору аныкталган күндөн тарта, күн сайын инсулин алууга мажбур. Инсулин мамлекет тарабынан акысыз берилет.

Ачык булактарга таянсак Кыргызстанда 1000ден ашуун бала инсулин алат.
Дарыгерлердин айтымында кант диабети менен ооруган адам, өмүр бою дарыланууга муктаж. Бул ооруну катуу стресс жана жугуштуу оорулардын оор абалда өтүүсү пайда кылышы мүмкүн.

Эгерде бейтапта оору эрте аныкталса, ал өз убагында дарыларын ичип, туура тамактанып, сергек жашоо образында, өзүн чыр чатактардан оолак алып жүрсө, узак жана бакубат жашоого болоорун дарыгерлер белгилешет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here