Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын 11 тургунун мөмө жемиштерин сатып берүүнү убадалап из жашырган 40 жаштагы аял Ош облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облусттук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Облусттук милициянын маалыматына ылайык, кармалган жарандын үстүнөн Кадамжайдын Майдан айыл аймагынын 11 тургуну арыз менен кайрылган. Анда шектүү былтыр июл айында мөмө-жемиштерин сатып берем деп алып кетип, изин жашырган. Ал арызданган жарандарга 270 миң сомдук зыян келтирген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну экени жана мурда да алдамчылык кылмышы менен жоопко тартылгандыгы белгилүү болду.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.