Чек ара аймактарынан 33 айым депутатыкка талапкер болду

0
1024

Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдарында айылдык кеңешке 103 талапкер катталды, анын 33ү аялдар. Алар аталган үч айылдык кеңештеги 63 мандатка ат салышат. Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахабидин Айтбаев билдирди.

Айтбаевдин маалыматына караганда, аталган аймактын тургундары шайлоого электрондук түрдө катыша алышат. Анткени бул чек ара айыл тургундарынын көпчүлүгү, акыркы куралдуу жаңжалдан улам, турак жайсыз калгандар. Алардын арасында учурда өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашап жаткандары бар.

Бул өзгөчөлүк бир гана Баткен районуна тиешелүү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here