Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык жактан жабыркайт

0
16

Өлкөдөгү калктын 11 пайызы псизикалык жактан жабыркайт. Мындай тыянакты Дүйнөлүк маламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

10-октябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, өлкөдөгү психикалык ден соолуктун актуалдуу маселелерине арналган тегерек стол өткөрдү.

Талкууда балдарга жана өспүрүмдөргө психиатриялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуунун зарылдыгы, психикалык ден соолукту коргоо жаатындагы кызматтарды алууда тоскоолдуктарды аныктоо боюнча сунуштарга көңүл бурулду.

Стантистикага караганда, Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого дуушар болуп, алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат. Бул мамиле өспүрүмдөрдү билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, тынчсызданууга, стресске жана өзүн-өзү сыйлабоого алып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here