Кыргыз студенттери каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиаданы жеңди

0
27

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган олимпиада 30-сентябрдан, 4-октябрга чейин  Орусиянын Сириус федералдык аймагында өттү. Олимпиаданын финалына  36  өлкөдөн 600гө жакын студент катышкан. 

Министрликтен билдиришкендей, «Эл аралык мамилелер» номинациясында  Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун магистранты Сезим Кубанычбекова 1-орунду, экономика факультетинин 4-курсунун студенти Айназик Мамаева 1-орунду ээледи. Ал эми Кыргыз-Орус Славян университети Финансылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада “Экономика” номинациясында 1-орунду ээлеген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here