Раззаковдогу  мал базардан казынага 132 миң сом түштү

0
27

Лейлектин Раззаков шаарындагы муниципалдык мал базардан октябрь айынын биринчи жумалыгында кассалык аппараттар орнотулуп, жыйынтыгында 132 000 сом жергиликтүү бюджетке түшкөн. Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлашты. 

Муниципалдык мал базар үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилип, бир ай бою акысыз иштеп баштаган. Жылына болжолдуу 6 млн сом киреше күтүлүп,  долбоор 5 жылда өзүн акташы мүмкүн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here